Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры №17/2
“Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү
социалдык объектилердин кышка
карата даярдыгы жөнүндө”
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер, медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Н.Сагынбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер , медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата отун –көмүр менен жетиштүү камсыз болгондугу канаатандырарлык деп белгиленсин..
2. Мекеме ишканалардын мештерин тазалап, эшик- терезелерин жылуулоо иштерин 25- октябрга чейин буткөрүү алардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |