Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XVI-сессиясы
2013-жылдын 4-декабры № 18/3
“Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге
чакырылуусунун абалы жөнүндө”
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Эшмаматов Турсунмаматтын даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАT:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргузүлүп жаткан иштердин абалы айрым кемчиликтерди эске алып канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жашы жеткен өспүрүмдөр менен алардын үй-бүлөөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү ВУС кызматкери С.Сыдыковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |