Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры № 9/1
“Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода туйундорундогу товарлардын сапаттуулугу , мекеме-ишканалардын кыш мезгилинде техникалык коопсуздукту сактоо боюнча жургузуп жаткан иштеринин абалы жөнүндө”
Ленин айылдык Кенешинин депутаты А.Апсатаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл окмотунун аймагындагы соода туйундорундогу товарлардын сапаттуулугу,мекеме-ишканалардын кыш мезгилинде техникалык коопсуздукту сактоо боюнча жургузуп жаткан иштеринин абалы боюнча калкты сапаттуу айылдык Кенешинин депутаты А.Апсатаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы Б.Арзиева атындагы балдар бакчасындагы кетирилген кемчилдиктер тез арада жоюлсун жана балдар тамак ичүүчү ашканасына бут кийим чечүүчү жерди, уйкананын үстүн жапканга чет элдик инвестицияларды тартуу менен иш алып баруу балдар бакчасынын башчысы Ш.Алдашовага , “Жоогазын” балдар бакчасынын коллективи эмгек тартибин сактоо менен кетирилген кемчилдиктерин жоюуу балдар бакчасынын башчысы М.Асановага милдеттендирилсин.
3. Мурдаш, Согонду, Күң-Элек айылдарындагы соода точкаларындагы мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатууга тыюуу салынсын жана аларды мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп туруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору И.Алимбаевке тапшырылсын.
4.С.Жаанбаев атындагы орто мектебинде кетирилген кемчилдиктерди жоюп,сынган айнектерин, актовый зал, швейный залдарынын светтерин оңдотуп, бөлмө жылуулугун өз нормасында сактоо жагы мектептин директору К.Жумаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Ленин айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|