Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-августу № 21/69
“Кызыл–Кыя шаарындагы шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жайгашкан имаратты Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени шаардык кеңештин сесссиясына сунуштоо боюнча чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2014–жылдын 18–июлундагы №01–8/664 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында балдарды балдар бакчалары менен камсыз кылууну жакшыртуу, балдар бакчаларына болгон муктаждыкты жеңилдетүү максатында Кызыл–Кыя шаарындагы Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жайгашкан имаратты Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинен суралсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жайгашкан имаратты Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү иштерин жүргүзүү шаардын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков
|