Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 18-августу № 21/70
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы 4/7 “Кызыл–Кыя шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31–жана 55–беренелерине негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдерин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы 4/7 токтомун ишке ашыруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы 4/7 “Кызыл–Кыя шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун 1–пунктунун 4–катарындагы “2013–жылдын 1–январынан 31–декабрына чейин” деген сөздөн кийин, “2014–жылдын 1–январынан баштап” деген сөз менен толукталсын;
токтомдун 2–пунктунун 4–катарындагы “2013–жылга шаардык” деген сөз алынып салынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |