Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 18-августу № 21/71
“Кызыл–Кыя шарынын Ак–Булак айылынын тургуну Абдукаюмов
Рустамга “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, “Караван” аймактык башкармалыгынын 2014–жылдын 11–августундагы №186, Ак–Булак айылындагы “Ак–Булак айылынын өнүгүү” коомдук фондунун 2014–жылдын 7–июлундагы кайрылуу каттарын жана Р.Абдукаюмовдун айыл чарбасында жана муниципалдык кызматтарда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келе жатканын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын Уставынын XXI бөлүмүнүн 116– жана 117–беренелерине ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылынын тургуну Абдукаюмов Рустамга “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылынын тургуну Абдукаюмов Рустамга “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү, төш белгини жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |