Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 52/15-6
“Муниципиалдык менчикте турган жер
тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү
сатуу, ижарага берүү жана аукцион өткөрүү
боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 23.09.2011-жыл №571 сандуу токтому менен бекитилген муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун 13-пунктун аткаруу максатында, Кара-Көл шаарынын I вице-мэри С.У. Токтогуловдун муниципиалдык менчикте турган жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, ижарага берүү жана аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципиалдык менчикте турган жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, ижарага берүү аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын 9 кишиден турган төмөндөгү курамы бекитилсин:
- Кара-Көл шаарынын I вице мэри комиссиянын төрагасы.
- ШММБнын башчысы комиссиянын төрагасынын орун басары;
-Кара-Көл шаарынын шаар курулуш жана архитектурасы боюнча башкармалыгынын башчысы;
-Кара-Көл жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
- КТГЭС коммуналдык ишканалар комбинатынын башчысы;
- шаардык РЭТнин башчысы;
- коомдук уюмдун өкүлү;
- шаардык кеңештин депутаты;
- шаардык кеңештин депутаты.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 28.03.2008-жылдагы №111/31-4 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу I вице- мэрге (С.У.Токтогулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|