Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 53/15-6
“Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасына таандык Кетмен-Төбө шаарчасында жайгашкан электр от казандарын Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигине өткөрүп алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 21.04.2011-жылдагы № 340-V “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигинин 16.06.2014-ж №04-2/3470 сандуу катынын талаптарын аткаруу максатында “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасына таандык Кетмен-Төбө шаарчасында жайгашкан электр от казандарын шаардын муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча жана өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.08.2001-жыл №425 сандуу токтомунун негизинде “Нарынгидроэнергокурулуш” акционердик коомунан “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлүп, өзүнчө бухгалтердик балансы бар Кетмен-Төбө “Жылуулук” мекемеси 2003-жылдан бери Кетмен-Төбө шаарчасын жылуулук менен камсыз кылуу боюнча чарбалык, финансы-экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Бул жылдары “Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасы Кетмен-Төбө “Жылуулук” мекемесинин жылуулук кызматын аткарууда жалпы чыгымдан калкка берилген жылуулуктун 1 Гкалл тарифинен ( 715 сом) чыккан зыян –чыгымдын көлөмүн республикалык бюджеттен “ субсидия” катары төлөп келген. Калктын жылуулукка болгон муктаждыгы кесин түрдө азайгандыгына байланыштуу 1 Гкалл жылуулуктун баасы 2013-жылга 4, 7 эсеге өскөн.
Республикалык бюджеттен жылына орточо эсеп менен 927,5 миң сомдук субсидия берилип турган.
“Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасынын Кетмен-Төбө “Жылуулук” мекемеси тейлеп турган от казандарын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп алгандан кийин бюджеттик мекемелерге 1 Гкаллдын баасы коюлбагандыктан,жарандарга берилүүчү жылуулуктун 1Гкалл тарифине (715 сом) жалпы М: 2013-жылдын фактылык 3094,5 миң сомдук чыгымдын 1051,7миң сому, же 34%ы жарандардын кошумча чыгымына туура келип, жарандардан түшүүчү орточо140-150 миң сомдук киреше менен жарандарга сарпталуучу орточо 775,0 миң сомдук кошумча чыгымды бюджеттин эсебинен “ дотация –компенсация” катары төлөөгө мажбур болуп, жыйынтыгында бюджеттен жылына 3375,0 миң сом каражат сарпталышы мүмкүн.
Жогоруда белгиленген орточо 775,0миң сомдук кошумча “ дотация-компенсация” катары төлөнүүчү каражат мыйзам боюнча ШММБнын жалпы чыгымынан эсептелгендиктен, ШММБнын башка чыгымдарын ( айлык акы, соцфондго чегерүү, амортизация) шаардык бюджеттин эсебинен, ал эми электроэнергияга сарпталуучу орточо 1500,0 миң сомдук каражаттын 34%ын ( 1500,0 *0,34=510,0 -140,0) 370,0 миң сомду жарандарга сарпталуучу кошумча каражат катары шарттуу түрдө эске алып, орточо 370,0миң сомду кошумча “ дотация-компенсация” катары төлөнүүчү каражат катары төлөө маселесин чечүү менен каржы булагын аныктоо зарыл. Шаардык бюджеттен каржылаганга Өкмөттүн атайын токтому болушу керек же республикалык бюджеттен каржылатууга мэрия иш-аракеттерди жүргүзүүсү зарыл.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасына таандык Кетмен-Төбө шаарчасында жайгашкан электр от казандарын Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын менчигине өткөрүп алууга боюнча Кара-Көл шаардык мэриясынын билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча жана өндүрүш,курулуш, архитектура, туракңжай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштары эске алынсын.
2.Калкка берилүүчү жылуулуктун 1 Гкалл тарифине “субсидия- компенсация” катары төлөнүүчү кошумча каражатты республикалык бюджеттен каржылап төлөө маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна атайын пункт кылып киргизип чечүү шаардык мэрияга (М.Д.Койчиев ) жүктөлсүн.
3.Бул токтодун 2 –пунктунун талабы аткарылгандан кийин Кетмен-Төбө “ Жылуулук” мекемесинин “ Кыргызтуракжайкоммунбирлик” мамлекеттик ишканасына таандык электр от казандарын жана башка негизги фондуларды шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга уруксат берилсин.
4.Бул токтомдун 2-3 пункттарынын талаптары аткарылганга чейин Кетмен-Төбө “Жылуулук” мекемесинин электр от казандарын эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды каржылоо “субсидия-компенсация” маселесин эске алуу менен 2014-жылдын бюджетине жылуулук боюнча бекитилген 3351,9миң сомдук лимиттин эсебинен жүргүзүлсүн.
5.Шаардык бюджеттен каржылануучу каражаттарды үнөмдөө жана калкка берилүүчү кошумча “ субсидия-компенсация” каражат маселелерин чечүү максатында Кетмен-Төбө шаарчасындагы жылуулук менен камсыз кылынуучу К.Б.Хуриев атындагы № 5-орто мектептин, “ Байчечекей” бала-бакчасынын имараттарын жана 14 ( он төрт) батирди өз алдынча жылуулукка өткөрүү маселесин аргументтеп, керектелүүчү чыгымдарды тактап, 2015-жылдын бюджетин кароода киргизүү жагы шаардык мэрияга ( Т.С.Койчиев ) сунушталсын.
6.Бул токтомдун аткарылышы Кара-Көл шаарынын мэриясына ( С.У.Токтогулов)жана ШММБга ( К.С.Сарбалаев) жүктөлсүн, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.С.Жетешикова), шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|