Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 54/15-6
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын
жана калкын 2014-2015-жылдын күз-кыш
мезгилине даярдоо жөнүндө”
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри С.У.Токтогуловдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Т.Мамажановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы “ Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” № 250-токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалала-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 30-майындагы № 48-кт-токтомун турмушка ашыруу, Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча шаардык мэрия тарабынан шаардык штаб түзүлүп, иш-чара бекитилип, аны аткаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу боюнча 4 электр откана иштейт. Электр отканасынын жабдууларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. 4 откананын 3 90 % даяр, ал эми “ Пойма” электр отканасы 70 % даяр.
Шаардагы бардык социалдык объектилерди кышка даярдоо боюнча ММБ тарабынан аракеттер көрүлгөн.
Кара-Көл шаарындагы № 2- орто мектеби жеке жылытуу системасы менен камсыздалган.Электр энергиясына лимиттер коюлгандыгына байланыштуу, бул мектепти кышында жылытуу боюнча проблемалар чыгышы мүмкүн. Ошондуктан № 2-орто мектебин борбордук жылытуу системасына кошуу иштерин жүргүзүү зарыл.
Завод көчөсүндөгү № 1-2 –үйлөрдү да борбордук жылытуу системасына кошуу иштерин жүргүзүү зарыл.
Электр энергияганы колдонуу боюнча Кара-Көл шаарына берилген лимит былтыркыга салыштырмалуу 30% аз болгондуктан электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Жылуулук берүү трассасынын үстүнө коюлган дүкөндөрдү, гараждарды жана короо жайларды тиешелүү кызматтар менен биргеликте жылдыруу иштери жүргүзүлүшү керек.
Калктын жана мекеме-ишканалардын жылуулукка болгон карызы көп экендиги белгиленсин. Бул багытта тиешелүү мекемелер иш жүргүзүшү зарыл.
Калкка көмүр даярдоо боюнча иштерди күчөтүү керек.
ММБ тарабынан инерттик материалдар жетишерлик көлөмдө даярдалуусу зарыл.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри С.У.Токтогуловдун маалыматы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Т.Мамажановдун билдирүүсү эске алынсын.
Кара-Көл шаардык мэрияга:
-№ 2-орто мектебин жана Завод көчөсүндөгү № 1, 2 үйлөрдү борбордук жылытуу системасына кошуу иштерин жүргүзүп,ТГЭС Каскадынын 2015-жылдык бизнес-планына киргизүү;
-калкты отун, көмүр, суюлтулган газ менен жетиштүү түрдө камсыздоо милдеттендирилсин .
-Кыргыз Республикасынын “ Жылуу үй” программасын изилдеп, калкка үйүнүн шыбын, терезелерин жылуулоо боюнча үстөгү жок ссуда берүү боюнча маселенин үстүндө иш жүргүзүү сунушталсын.
3. Кара-Көл электр тармактар ишканасына :
-Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо;
-дебитордук карыздарды азайтуу;
-жалпы жоготуларды азайтуу;
-калк арасында электрэнергияны сарамжалдуу пайдалануу боюнча мэрия менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-Кара-Көл шаарына электрэнергияга болгон лимитти көбөйтүү боюнча мэрия менен биргеликте областтык РЭТиге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнөтүү милдеттендирилсин.
4. “ДЭП” -30 ишканасына:
-жолду тейлөөчү техникаларын жана кышында себилүүчү инерттик материалдарды
жетиштүү камдоо жана Көк-Бель, Капчыгай, Торпу аймагындагы жолдорду өзгөчө көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
5. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына :
- шаарды жылытуу трассасынын үстүнө мыйзамсыз курулган курулуштарды жылдырып, иретке келтирүү милдеттендирилсин.
6. Шаардык МАИ кызматына:-кышында Капчыгайдын ичин катуу көзөмөлгө алуу сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( С.У.Токтогулов),
көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Н. Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|