Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 55/15-6
“Шаардык билим берүү бөлүмүнүн
2012-2013-жж, 2013-2014-окуу жылдарында
аткарган иштери жөнүндө отчету”
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2012-2013-жж, 2013-2014-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык билим берүү системасында бүгүнкү күндө 6 жалпы билим берүү жана 2 башталгыч мектеби бар. 2013-2014-окуу жылында 4236 окуучу, 172 класс бар, анын ичинде башталгыч 74 класс 1862 окуучу, орто 78 класс 1985 окуучу, жогорку 20 класс 389 окуучу билим алат. Мектепке чейинки “Келечек”, “Байчечекей” бала бакчаларында 285 бала тарбияланууда. Мектептен сырткары балдар чыгармачылык үйүндө (ДДТ) жана балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде (ДЮСШ) 46 кружок, секциялар иштейт, ага 973 бала катышат.
Шаардык билим берүү системасында 467 мугалимдер жана кызматкерлер иштейт, 337 мугалимдин ичинен жогорку билимдүүсү – 273, бүтпөгөн жогорку – 13, атайын орто -49, орто билим-2. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги -52 мугалим. БББмүндө билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде педкадрлар жетиштүү камсыз болгон, ал эми билим берүү орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 6 мугалим жетишпейт, орус тилдүү класстарда башталгыч класска – 2, химия – 1, математика -1, физика – 1, физкультура -1.
Жыл сайын мектеп жашындагыларды август, май айларында жүргүзүлүүчү учеттун жыйынтыгында ар түрдүү себептер менен окубай келген 2 бала окууга тартылган. 20 бала индивидуалдык программа менен үйдө окушат, инклюзивдүү метод менен 19 окуучу окуйт.
Акыркы 4 жылда билим берүү кызматкерлеринин областтык август конференциясында Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги жарыялаган конкурстарда жеңүүчүлөрдөн болуп, областтык мамлекеттик администрациясынын II, III даражадагы дипломдору менен сыйланган. Шаардык мектептер , бала бакчалары , “Жылдын мектеби”, “Мыкты бала бакча”, “Жылдын мектеби” деген номинациялардын ээси болуп дипломдор менен сыйланган.
Жылда “Жылдын мугалими “ деген конкурс уюштурулат. 2013-жылы №1-орто мектебинин англис тил мугалими Чотиева Сезим шаардан дагы, областтан дагы 1-орунду алган, республикалык турда 3-орунду ээлеп, 3-даражадагы диплом менен сыйланган. 2014-жылкы “Жылдын мугалими” конкурсунда №3-орто мектептин орус тили мугалими Канаева Жазгуль шаардан 1-орунду алып, областан “Эң жакшы мугалимдик чеберчилик” номинациясына ээ болгон.
Шаардын мектептеринде кыргыз тилдүү класстар 92,4%ыз, орус тилдүү класстар 85%ыз окуу китептери менен камсыз болгон.
Мектептердин 1-4-класска чейинки окуучуларын, “Келечек”, “Байчечекей” балдар бакчаларын азык-түлүк менен камсыз кылууда 3 жеке ишкер тендрден утуп алышкан. 2013-жылда республикалык бюджеттен 1-4-класска чейинки окуучулардын тамак ашына 3450700 сом, ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүнгөн.
Окуучулар арасындагы кылмыштуулукка каршы ШИИБмү менен биргеликте тыгыз иш алып барылууда. ШИИБмү 2013-жылы чоң класстардын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрүшкөн. Мектептерде кеңештер түзүлгөн, кеңештин мүчөлөрү болуп активдүү ата-энелер, мектептердин жетекчилери, социалдык педагогдор, ИДН кызматкерлери кирген. Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мектептер арасында конкурстар, спорттук оюндар уюштурулган. 2013-жылы ИДНдин учетунда 5 окуучу турган, учетто турган окучулар менен ИИБнүн жооптуу кызматкери, коомдук тарбиячылар, ДЮСШ тренерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
2013-окуу жылында олимпиадалар өткөрүлүп 144 бала катышып байгелүү орундарга жетишкен.
2014-жылы 21 областтык турга катышып байгелүү орундарды алып, дипломдор менен сыйланышкан.
Ар жыл сайын “Жылдын мыкты окуучусу” деген окуучулардын слету өткөрүлөт, ар бир мектептен жакшы окуган окуучулар делегат болуп катышышат.
2014-жылы апрелде “Кыргыз Республикасынын 100 мыкты инновациялык мектеби” деген долбоордун негизинде №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебинин физика жана информатика кабинеттери 10 комплект компьютер столдору менен, үч интерактивдүү доска, 4 мебелдик шкаф, стол, стулдар менен жабдылган.
2013-2014-окуу жылында мектептердин катардагы ремонтуна республикалык бюджеттен 366 400 сом акча каражаты бөлүнгөн. Класстардын ремонттору ата-энелердин эсебинен жасалып келет.
Мектептердин суу түтүктөрү эскирген, жылуулук системалары иштебейт. №1-орто мектептин спорт залына капиталдык ремонт талап кылынат, сырткы эшиктери эски, алмаштыруу зарыл. №2-мектептин эң көйгөйлүү маселеси сырткы ажааткананын эскилиги жеткен, акыбалы начар, мектептин ичиндеги ажаатканалар иштебейт, спорт залга, кийинүүчү жайларга ремонт талап кылынат. Башка мектептерде дагы көйгөйлүү маселелер көп.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2012-2013-жж, 2013-2014-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуучуларга билим, тарбия берүүдө жакшы ийгиликтерге жетишип жатканы белгиленсин.
Билим берүү бөлүмүнө:
- окуучулардын билим сапатын жогорулатууда иштерди күчөтүү;
- эскилиги жеткен мектеп эмеректерин жаңылоо боюнча эл аралык коомдук уюмдар менен иштеп, инвестиция тартуу;
-билим берүү жана илим министрлигинен шаардын мектептерине керектүү эмеректерди ( доска, парта, стул), окуу китептерин сатып алууга, ремонт иштерине каражат бөлдүрүү жаатында ишти алып баруу;
-шаардын мектептерине жетишпеген кадрларды камсыз кылуу жаатында ишти жандандырып, зарыл болгон учурда чакырылган кадрларды үй менен камсыз кылуу маселесин мэрия менен биргеликте чечүү;
-шаардын мектептеринде кесиптик багыт берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-окуучулардын мектептен кийинки убактыларын туура пайдалануу боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү сунушталсын.
Шаардык мэрияга: шаардык мектептердин имараттары шаардын муниципалдык менчигинде тургандыгына байланыштуу ремонт иштерине смета-долбоорлор түзүлүп жатканда шаардык мектептердин имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүүнү эң приоритеттүү маселе катары кабыл алуу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Г.О.Сатарова),
ШБББнө ( Д.М.Кожошова) , көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Ч. Бегалиева ) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|