Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 56/15-6
“Кара-Көл шаардык дене-тарбия жана спорт
бөлүмүнүн 2013-жылдын 12 айында аткарган
иш-чаралары жөнүндө отчету”
Кара-Көл шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2013-жылдын 12 айында аткарган иш-чаралары жөнүндө отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Азыркы учурда шаардагы балдар жана жаштар спорт мектебинде 14 машыктыруучу эмгектенет: ( футбол -1, баскетбол -2, волейбол-2, теннис-1, эркин күрөш-5, тогуз коргоол-1, Шахмат-1, бокс-1).
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча шаарыбыздын спортчулары 50 алтын, 40 күмүш, 45 коло медалга жетишишкен. Шаарыбыздын “Энергетик” футбол командасы Кыргыз Республикасынын биринчилигинде 2-оорунда келе жатат. Эркин күрөш боюнча Азиянын биринчилигинде Улан Баатыр шаарында өткөрүлгөн мелдеште Кара-Көл шаарынан Бакытбеков Феликс Кыргызстандын желегин желбиретип, шаарыбыздын жана мамлекетибиздин намысын коргоп, жеңишке жетишип, күмүш медалды алган.
Спортчулардын ийгиликтүү машыгуусуна жетишерлик шарттар түзүлгөн, жергиликтүү бюджеттен тийешелүү каражаттар бөлүнүп турат.
Спорт тармагын өнүктүрүүдө кемчилдиктер бар, шаарда атайын заманбап спорт залдын жоктугу атап айтсак: эркин күрөш, грек-рим күрөш, Самбо, Дзюдо, улуттук “Алыш” күрөш жана бокс боюнча өкүндүрөт.
Кара-Көл шаарында дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2015-2016-жылдарга келечектеги иш-чаралары боюнча маалымат берилбеген.
Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаарында дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2013-жылдын 12 айында аткарган иш-чаралары жөнүндө дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М.Алымбаевдин отчету жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
Шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М.Алымбаевдин 2013-жылда дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн иш-чаралары боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М.Алымбаев бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын өз багытында туура пайдалансын, спорт тармагын өнүктүрүүгө жана спортчулардын ийгиликтерге жетишүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча каржылоонун башка булактарын табуу иш-аракеттерин жүргүзсүн.
Шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М.Алымбаевге шаардык мэрия, ММБгы менен биргеликте спорттук аянттардын, спорт залдардын абалына көңүл бөлүп, ремонт иштерин жүргүзүү жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Г.О.Сатарова),
шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө ( Д.М.Алымбаев), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Ч.Бегалиева) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|