Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 57/15-6
“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер
практикалоо борборунун 2012-2013-жылдарда
калкты тейлөөдө аткарган иштери
жөнүндө отчету”
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2012-2013-жылдарда калкты тейлөөдө аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун башкы врачы Т.Эшалиеванын отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 фап бар. Хирургия бөлүмүндө 36, анын ичинде хирургиялык профилде 18, травматологияда 10, гинекология бөлүмүндө 8, терапия бөлүмүндө 24, инын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 9, балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15, төрөт бөлүмүндө 17 койка. Жалпы иштеген врач, медсестра, тейлөөчү кызматкерлер 2012-жылы 243 киши, 2013-жылы 245 киши.
Жалпы дарыгерлер практикалоо борбору тейлеген калктын саны:
- ҮДТ №1 2012-ж. 9240, 2013-ж. 8895 киши;
- ҮДТ №2 2012-ж. 6552, 2013-ж. 6441 киши;
- ҮДТ №3 2012-ж. 4546, 2013-ж. 4814 киши;
- ҮДТ №4 2012-ж. 1722, 2013-ж. 1537 киши.
2012- жылга салыштырмалуу миграцияга байланыштуу калктын саны 373 кишиге азайган. 5 жашка чейинки балдардын саны жылдан жылга өскөн.
Швейцариялык долбоордун негизинде медициналык таштандыларды жок кылуу боюнча 80,0 миң сомго аянтча курулган. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 660279 сомго инфекция бөлүмүнүн канализациясы жана жылуулук берүү системасы ремонттолгон. 2013-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1300000 сом бөлүнүп, төрөт бөлүмү капиталдык ремонттон өткөн.
Калктын саны 2012-ж. 22750, анын ичинен 14 жашка чейинкилер 7104, 1 жашка чейинкилер 583, 1жаштан 2 жашка чейинкилер 953, 5 жашка чейинкилер 2643. 2013-ж. -21687, анын ичинен 14 жашка чейинкилер 7204, 1 жашка чейинкилер 602, 1 жаштан 2 жашка чейинкилер 976, 5 жашка чейинкилер 3170 киши.
Дары-дармекке 2012-жылга факт. бюджеттен 2 011900 сом, кошумча төлөм 889478 сом, ОМС 1122308 сом каралган, ар бир оорулууга 133 сом 75т айланган. 2013-жылга 831300 сом, кошумча төлөм 1038815, ОМС 2354600 сом каралган, ар бир оорулууга 145 сом 93 т. айланган. Былтыркы жылга салыштырмалуу дарынын чыгымы бир оорулууга 5 сом 50 тыйынга өскөн.
Тамак-ашка 2012-жылы бюджеттен 1250000 сом, кошумча төлөм 444740 сом каралган, ар бир кишиге 56 сом 33т. айланган. 2013-жылы бюджеттен 1027400 сом, кошумча төлөм 473986 сом каралган, ар бир кишиге 51 сом 86 т. айланган.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору КР саламаттыкты сактоо минстрлигинин буйругу менен 2012-2016-жж. түзүлгөн “Ден соолук” улуттук программасынын негизинде иш алып барат. ВИЧ СПИДге, малярияга, кургак учукка каршы калк арасында профилактикалык негизде иш- чаралар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. 2013-жылы кургак учукка каршы 1 айлык иш-чара жарыяланып, мектептерде, колледжде, мекеме-ишканаларда, университетте ЖДПБнун дарыгерлери тарабынан лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жаш балдардын төрөлүүсү жана өлүмү боюнча, 2012-жылы 623 бала төрөлгөн, анын ичинен 1 жашка чейин 6 бала, 2 жашка чейин 1 бала өлгөн. 2013-жылы 597 бала төрөлгөн, анын ичинен өлүк төрөлгөн 4 бала, 1 жашка чейин 8 бала, 2 жашка 1 бала өлгөн.
ЖДПБда бүгүнкү күндө врачтардын жетишсиздиги билдирилген. Жаш кадрларды колдоо, үй менен камсыз кылуу боюнча кайрылышкан. Жаш адис анестезиолог-реаниматолог Эргешбаев М.Д. окуу жайды бүтүп жолдомо менен келген, үй-бүлөлүү, бир жылдан бери ооруканада жашап, иштейт.
2014-жылдын январь айынан бери рентген аппараты жок, дез камеранын эскилиги жеткен, табытканада муздаткыч камера иштебейт, стамотологиялык орноткучтар жетишсиз, шаардын калкын тейлөөдө 1 гана орнотмо иштейт, калк кезекте тургандан тажап, жеке стамотологдорго кайрылышууда. Физ.кабинет жана R – кабинеттерине, №1 ҮДТ (ГСВ) имаратына капиталдак ремонт керек, оорукананын эски имаратындагы хирургия жана терапия бөлүмдөрүндө, СПИД лабораториясында, борборлоштурулган стерилизация бөлүмүндө, ҮДТ №2,3 амбулаториялык бөлүмүндө муздак суу түтүкчөлөрүн жана канализациялык түтүкчөлөрдү, сан-техникалык шаймандарды, жер төлөөдөгү жылытуу түтүкчө системаларын толугу менен алмаштыруу зарыл. Короонун айланасындагы асфальт жоюлуп, топурагы чыгып калган, ал дагы ремонтту талап кылат.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2012-2013-жылдарда калкты тейлөөдө аткарган иштери жөнүндө Т.Эшалиеванын отчету жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2012-2013-жылдарда калкты тейлөөдө аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун администрациясына:
-төрөт жана балдар бөлүмүндө балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү;
- кадр маселесин чечүүнү колго алуу;
- чакырылып келген кадрларга жашоого жана иштөөгө шарт түзүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-мэрия менен биргеликте КР саламаттыкты сактоо минстрлигине кайрылып, рентген аппаратын, дез камера, стамотологиялык орноткуч сатып алуу боюнча чара көрүү;
- мэрия менен биргеликте ооруканага керектелүүчү шаймандар боюнча инвестиция тартуу иштерин колго алуу;
- мэрия , ММБ менен биргеликте имараттардын ремонт иштерине тиешелүү көңүл бөлүп, эң зарыл болгон ремонт иштерине смета-долбоорлорду түздүрүп, шаардын 2015-жылкы бюджетинин долбооруна сунуштоо милдеттендирилсин.
Шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун ишин жакшыртуу, кадрлар менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү максатында шаарыбызда 2015-жыл - ден соолук жылы деп жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Г.О.Сатарова), ЖДПБна (Т.Т.Эшалиева), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Ч.Бегалиева) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|