Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-майы № 279 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын нефтини кайра иштетүүчү тармагына инвести-цияларды тартуу жана Чүй облусунда нефтини кайра иштетүүчү жањы заводкурууга байланышкан конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу максатында: 1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн: Диль В.И. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси, жумушчу топтун жетекчиси. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин статс-катчысы; Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана ту- ризм министрлигинин статс-катчысы; Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника- циялар министрлигинин статс-катчысы; Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Сакебаев А.А. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы- нын - губернаторунун биринчи орун басары; Орозбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа- ратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо баш- кармалыгынын начальниги; Бурханов А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун баса- ры; Амантаев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа- ратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнүн эксперти; Давыдов И.А. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча). 2. Жумушчу топ 10 күндүк мөөнөттө: - нефтини кайра иштетүүчү жањы заводдун жайгашуучу жери боюнчаконкреттүү чечимди иштеп чыксын; - нефтини кайра иштетүүчү заводду курууга байланыштуу экологиялык,транспорттук жана электр энергетикалык маселелерди иштеп чыксын. 3. Жумушчу тобу зарыл учурларда адистерди жана эксперттерди, аныничинде келишимдик негизде ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов