Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык Кеңешинин XV сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 58/15-6
“Шаардык кеңештин 06.06.2014-ж.
№44/13-6, №45/13-6 токтомдоруна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу С.У. Токтогуловдун 29.08.2014-жылдагы чыгыш №06-4/1465; 30.09.2014-ж чыг.№05-23/1597; 30.09.2014-ж чыг.№05-2/1598; 30.09.2014-ж чыг.№05-2/1599 сандуу каттарындагы “Бүткүл дүйнөлүк көчөмөндөр оюндарына” мэрия сунуштаган сметага ылайык 300,4миң (үч жүз миң төрт жүз) сомду, “Аленушка” балдар бакчасынын чатырынын ремонтуна 309,7миң сомду, “Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата” 88,0миң сомду, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына керектелүүчү 120,0миң сомду каржылоо боюнча кайрылуусун, шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Т.Осмонкуловдун 10.10.2014-ж. чыг.№01/94 сандуу катындагы сунушун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаар аймагынын шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу С.У.Токтогуловдун кайрылуусунун негизинде шаардык кеңештин 06.06.2014-ж. №44/13-6, №45/13-6 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Т.Осмонкуловдун 10.10.2014-ж. чыг.№01/94 сандуу катындагы сунушу, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
7-14-сентябрында болуп өткөн “Бүткүл дүйнөлүк көчөмөндөр оюндарына” акча каражатын шаардык кеңештин 06.06.2014-ж. №45/13-6 “Кара-Көл шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-ж болжолу жөнүндө” токтомунун мэрия сунуштаган сметага ылайык 300,4миң (үч жүз миң төрт жүз) сомду, “Беккер” чуңкурун курууга бекитилген 371,8 миң сомдун эсебинен 121,8миң сомун, Токтогул ГЭС каскады тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарына акы төлөөгө каралган суммадан 78,6миң сом жана 2013-жылдын жыйынтыгы менен бош калган мэриянын атайын каражат эсебиндеги 100,0миң сомдун эсебинен
“Аленушка” балдар бакчасынын чатырынын ремонтуна 309,7миң сом акча каражатын 2014-жылда Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1500,0миң сомдун 01.10.2014-жылга калдык 488,9миң сомдун эсебинен
“Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата” шаардык кеңештин, мэриянын, шаардык кеңештин депутаттарын, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн салтанаттуу жыйында сыйлоо жана майрамдык кече өткөрүүгө суралган 88,0миң сом акча каражатын шаардык кеңештин 06.06.2014-ж№45/13-6 токтомунун 13-пунктунда бекитилген 800,0миң сомдун 01.10.2014-ж. калдык 88,0 миң сомдун эсебинен
Токтогул сатылгановдун 150 жылдыгына керектелүүчү 120,0миң сомдук каражатты 2014-жылда Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1500,0миң сомдун 01.10.2014-жылга калдык 488,9миң сомдун эсебинен кемитип, жалпы (300,4+309,7+88,0+120,0) 818,1миң сомду каржылоого уруксат берилсин.
Каскад Токтогул ГЭС мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акысы боюнча 2014-жыл ичинде пайда болгон кредитордук карызды шаардык бюджеттин 2014-жылдын жыйынтыгы менен үнөм, бош калган каражаттын эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого уруксат берилсин.
Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2014-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча мэриянын жана ШММБнын беренелерине тиешелүү тактоолорду (уточнения) киргизсин.
Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Токтогулов С.У.), шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ММБна (Сарбалаев К.С), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Эрматов
|