Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын VI заседаниеси
2014-жылдын 31-октябры № 28
“Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
Турдалиев Дуулатбек Эсеновичтин ордуна Токтогул шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын кийинки депутаты болуп таанылган Карасартов Туратбек Акималиевич (БШК токтом №119, 22.10.2014-жыл) “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп шайлансын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогоруда аталган туруктуу комиссиянын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Дербишев
|