Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-майы № 340 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Биринчи вице- премьер-министринин жана Вице-премьер-министринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө 1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Биринчи вице-премь-ер-министринин жана Вице-премьер-министринин ортосунда милдеттертөмөнкүдөй бөлүштүрүлө тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетине жалпы жетекчиликтижана контролдоону ишке ашырат; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жалпыгамаалымдоо каражаттары менен өз ара аракетин камсыз кылат, маалыматтыксаясатты ишке ашырат; кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;укуктук камсыздоо, эл аралык байланыш маселелерин координациялайт; укуккоргоо органдарынын, коргонуу, жарандык коргонуу, коррупцияга каршыкүрөшүү; мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү; электр энергетикатармагын реформалоо, энергияны үнөмдөө; тике инвестицияларды тартуу;транспорт, байланыш жана коммуникациялар; экология жана токой чарбасы;кен казып алуу өнөр жайы; кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо; мобилиза-циялык жана мамлекеттик резервдер; Кыргыз Республикасынын мамлекеттикчегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо; администрациялык реформажүргүзүү, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү; маалыматтык коопсуздукту камсыздоо; па-тенттик иштер боюнча маселелерди жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн өз ара аракетин камсыз кылат. Россия Федерациясы менен соода-экономикалык кызматташтык боюнчаөкмөттөр аралык комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аны координаци-ялайт, өкмөт башчыларынын дењгээлинде Евразия экономикалык шериктешти-гинин, КМШ, ОДКБ, ШОС, ОЭСтин алкагында Кыргыз Республикасынын кызмат-таштыгын камсыз кылат. Жаратылыш газын берүү боюнча Өзбекстан Республи-касы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын ишке ашырат. Жогорку Экономикалык кењешке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүналдындагы Агрардык саясат боюнча кењешке башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн болжолдоо; макроэко-номика, бюджет, финансы; бажы жана салык инспекциялары; өнөр жай; аг-рардык саясат жана агроөнөр жай комплекси; ишкердик, соода; курулушкомплекси; коммуналдык чарба, ЖКХ реформасы; күзгү-кышкы жылытуу сезо-нуна даярдык; жаратылыштык жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдыналуу жана жоюу; тике инвестицияларды тартуу, мамлекеттик инвестицияларпрограммасын ишке ашыруу; туризмди өнүктүрүү; жањы технологияларды ишкекиргизүү; экспорттук-импорттук саясат; республикалык бюджетти иштеп чы-гуу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарууну контролдоо; баалуукагаздар рыногун өнүктүрүү; мамлекеттик статистика; монополияга каршысаясат; техникалык жөнгө салуу, мамлекеттик материалдык резервдер сис-темасы боюнча маселелерди координациялайт жана жүргүзөт. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигиндеги интег-рациялык саясат, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы ме-нен эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий кызматташтык, ошондойэле Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселеле-рин жүргүзөт. Кытай Эл Республикасы, Казакстан Республикасы менен соода-экономи-калык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишине башчылыккылат жана координациялайт. Эл аралык финансы институттары менен өз ара аракеттенет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин тиешелүү комитеттери менен учурдагы өз ара аракетин камсыз-дайт. Өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт. Тиешелүү тармактар боюнча кадрдык дайындоолорду макулдашат. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Социалдык, демографиялык жана миграциялык саясат; калкты иш мененкамсыздоо; мамлекеттик камсыздандыруу, социалдык гарантиялар системасы;билим берүү, илим, саламаттык сактоо, маданият, спорт; калкты социалдыкжана тиричилик жактан тейлөө; мамлекеттик жаштар саясаты; эл аралык ма-даний, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык; пенитенциардык сис-теманы реформалоо; гуманитардык жардам берүү боюнча маселелерди коорди-нациялайт жана жүргүзөт; Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун алка-гында кызматташтыкты камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн профсоюз жана диний уюмдар, коом-дук кыймылдар, партиялар жана бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттарыменен өз ара аракетин камсыз кылат. Польша менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр ара-лык комиссиянын ишине башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин тиешелүү комитеттери менен учурдагы өз ара аракетин камсыз-дайт. Өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт. Тиешелүү тармактар боюнча кадрдык дайындоолорду макулдашат. 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Биринчи вице-премь-ер-министри, Вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу ми-нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-лордун, мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун тизмеси тир-кемеге ылайык бекитилсин. 3. "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премь-ер-министринин жана Вице-премьер-министринин ортосунда милдеттердибөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2005-жылдын 7-декабрындагы № 595
буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 30-майындагы № 340 буйругуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Биринчи вице-премьер-министри, Вице-премьер-министри тейлөөчү жана координациялоочу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 1. Коргоо министрлиги 2. Ички иштер министрлиги 3. Адилет министрлиги 4. Тышкы иштер министрлиги 5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги 6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 7. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 8. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 9. Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик 10. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамле-кеттик агенттик 11. Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция 12. "Кыргызалтын" АК 13. "Кыргызмунайгаз" АК 14. "Кыргызгаз" АК 15. "Кыргызтелеком" АК 16. "Электр станциялары" АК 17. "Улуттук электр тармагы" АК 18. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабатэлектр", "Бишкек жылуулуктармагы" Аклары 19. "Манас" эл аралык аэропорту" АК Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри 1. Экономика жана финансы министрлиги 2. Өнөржай, соода жана туризм министрлиги 3. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөржай министрлиги 4. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик 6. Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик 7. Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнчамамлекеттик агенттик 8. Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттик 9. Мамлекеттик бажы инспекциясы 10. Мамлекеттик салык инспекциясы 11. Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жана са-тууга контролдук боюнча мамлекеттик инспекция 12. Экономикалык стратегиялар борбору 13. "Кыргызалко" МАК 14. "Кыргызтамекиси" МАК 15. Кыргызтуракжайкоммунсоюз 16. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" АК 17. "Темир" МИ 18. "Алкопром", "Каракол" спирт заводу" МИ 19. "Кыргызресурстары" МИ 20. "Кыргызкөмүр" МИ Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри 1. Маданият министрлиги 2. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги 3. Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги 4. Саламаттык сактоо министрлиги 5. Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети 6. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 7. Мамлекеттик архив агенттиги 8. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик 9. Адилет министрлигинин ЖАББ 10. "Учкун" АК 11. "Т.Суванбердиев атындагы Кыргызполиграфкомбинаты" АК 12. "Акыл" АК 13. МТРК