Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 132/16-6
“Талас шаарындагы Ч.Мамбетов атындагы облустук борборлоштурулган ооруканасынын
хирургия бөлүмүнө дарыгер М.Жумабековдун атын ыйгаруу жөнүндө”
Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук борборлоштурулган ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн эмгек жамаатынын кайрылуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин “Көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” Убактылуу жобосунун II- бөлүмүнүн талаптарына туура келгендигин эске алуу менен Талас шаарындагы Ч.Мамбетов атындагы облустук борборлоштурулган ооруканасынын хирургия бөлүмүнө дарыгер М.Жумабековдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү эмгек жамаатынын сунушу колдоого алынсын.
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлүп, сессиянын чечимин колдоо жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаарынын “Жаны Багыт”газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Ажибаева) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |