Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 133/16-6
“Талас шаарынын 70 жылдык маарекесине карата Бердике баатыр көчөсүндөгү
борбордук аянтка Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Ала тоо” фракциясынын депутаттарынын Кайрылуусунун негизинде, Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп, кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас облусунун жана Талас шаарынын 70 жылдык маарекесине карата Бердике баатыр көчөсүндөгү борбордук аянтка Ч.Сатаев көчөсүнөн Ж.Мырзалиев көчөсүнө чейин залкар жазуучу Ч.Т.Айтматовдун ысымы ыйгарылып, “Ч.Айтматов атындагы аянты” деп аталсын.
Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп, кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Ажибаева) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |