Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 134/16-6
“Талас шаарынын 59-кварталынын №6 үйүнүн тургуну Г.Темирбекованын Талас
шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри А.Койчубековго кызматтык
чара көрүү тууралуу арызын кароо жөнүндө”
Талас шаарынын 59-кварталынын № 6-үйүнүн тургуну Г.Темирбекованын арызынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, арызды карап талкуулап чыгып, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2014-жылдын 21-октябрындагы № 184б сандуу буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренеси, Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренеси жана Талас шаардык мэриясынын этика комиссиясынын 2014-жылдын 17-октябрындагы сунушунун негизинде сөгүш берилгендигин эске алып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри А.Койчубековго муниципалдык кызматчынын этикалык ченемдерин сактабай жарандардын кайрылууларына орой мамиле кылгандыгы боюнча Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 21-октябрындагы № 184б сандуу буйругу менен сөгүш берилгендиги эске алынсын.
Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Ажибаева) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |