Редакцияот 28.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги IX заседаниесинин

 

2014-жылдын 28-майы № 7

“Жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”

 

Курулуш иштери бүткөрүлүп ишке берилген имараттардын жер аянты 2014-жылга чейин такталбай келген. Бул боюнча Кызыл-Суу айыл өкмөтү бир топ иштерди алып баруу менен иш кагаздарды даярдап, курулуштун техникалык коопсуздуктары каралбастан курулган курулуштарга эскертүүлөрдү берди. Натыйжада имараттарга жер аянтын ажыратып берүү маселеси каралып Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматтык имараты үчүн Чайчы айылынан 0,45 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарды даярдоо жагы Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

Кызыл-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Нышанбаев