Загрузка документа…
МАЙЛЫ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майлы-Суу шаардык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 9-7-1
“Шаардык кеңештин төрагасы К.Т.Шадмановту ээлеген
кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 4-пунктусунун негизинде, Майлуу-Суу шаардык (VII чакырылыштагы) кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп, шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 4-пунктусунун негизинде Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы К.Т.Шадманов ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин добушу менен бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Майлуу-Суу шаардык кеңештин жоопту катчысы- аппарат жетекчиси Д.И.Караевага жүктөлсүн.
Майлы-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Ю.Токтоназаров |