ТоктомКүчүндө

Майлы-Суу шаардык кеңешинин 2014-жылдын 14-октябрындагы № 9-7-2 «Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция14.10.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 МАЙЛЫ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майлы-Суу шаардык Кеңешинин сессиясы

 

2014-жылдын 14-октябры № 9-7-2

“Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктусунун негизинде, Майлуу-Суу шаардык (VII чакырылыштагы) кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп, шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктусунун негизинде көпчүлүк фракциялардын коалициясынын депутаттарынын ичинен шаардык кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы болуп Бакалаев Рахатбек Кенжекулович шайланды деп эсептелсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Майлуу-Суу шаардык кеңештин жоопту катчысы- аппарат жетекчиси Д.И.Караевага жүктөлсүн.

 

Майлы-Суу шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Ю.Токтоназаров