Загрузка документа…
МАЙЛЫ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-октябры № 9-7-3
“Шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын тизмесин сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү Т.Өмурзаковдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү Т.Өмурзаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын тизмеси (Тиркеме 1) Майлуу-Суу шаардык аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиясын түзүү үчүн сунушталсын.
3. Шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын сунушталган тизмеси Борбордук жана аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин жоопту катчысы-аппарат жетекчиси Д.И.Караевага жүктөлсүн.
Майлы-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Ю.Токтоназаров |