Загрузка документа…
МАЙЛЫ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-октябры № 9-7-4
“2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрү боюнча титулдук
тизмесинин 122-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттары Оморов А.Б. жана Абдыкеримов Ж.Т. 2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрү боюнча титулдук тизмесинин 122-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Заводская №12 жана З.Кутманова №16 үйлөрдүн жашоочуларынын арыздарынын негизинде Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттары Оморов А.Б. жана Абдыкеримов Ж.Т. 2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрү боюнча титулдук тизмесинин 122-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. 2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрү боюнча титулдук тизмесинин 122-пунктуна өзгөртүү киргизилсин: “Заводская 12” “З.Кутманова 16” менен алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Майлы-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Ю.Токтоназаров |