Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-июнундагы № 372 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-январындагы № 4"Кыргыз Республикасынын референдумуна (жалпы элдик добуш берүүгө)даярдык көрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө"
Жарлыгын жана "КыргызРеспубликасынын Президентинин 2006-жылдын 5-январындагы "КыргызРеспубликасынын референдумуна (жалпы элдик добуш берүүгө) даярдыккөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 106
токтомунаткаруу үчүн: 1. Башкаруунун ар түрдүү формаларындагы мамлекеттик түзүлүштүжана конституциялык реформанын башка маселелерине карата эл арасындатүшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тиркелген тиркемеге ылайык жумушчутоптор түзүлсүн. 2.Жумушчу топтор 2006-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарыныничинде тиешелүү райондор менен шаарлардын калкынын арасында жогорудакөрсөтүлгөн маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн. 3. Жогоруда аталган маселелерди калкка түшүндүрүү үчүнжолугушууларды уюштуруу боюнча уюштуруу маселелери тиешелүүмамлекеттик администрацияларга, шаарлардын мэрлерине, облустар мененрайондордун, шаар башкармалыктарынын башчыларына жүктөлсүн. 4. Жумушчу топтордун жетекчилери: - тиешелүү райондор менен шаарлардын бардык калктуу конуштарынажумушчу топтордун мүчөлөрүнүн барууларыаын графиктерин иштеп чыгышсынжана бекитишсин; - жумушчу топтордун иштерине төмөнкүлөрдү тартышсын: Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине караштуу Сотдепартаментинин сотторунун окуу борборунда 2006-жылдын 27 жана 28-февралында окуудан өткөн жетекчи курамдагы мамлекеттик органдардынкызматкерлерин; тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин; саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой элетүшүндүрүү иштерине катышууну каалаган адамдарды; - ар бир айдын 5ине чейин өткөрүлгөн лекциялардын, аларга катышканадамдардын, лекциялардын убактысын жана өткөрүлгөн жерин керсөтүүменен жогоруда аталган маселелер боюнча тиешелүү райондор мененшаарлардын калкынын арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүжөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине бериптурушсун. 5. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов