Редакцияот 06.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айылдык Кеңешинин X сессиясы

 

2014-жылдын 6-марты № 10/3

“Мектепке жана мектепке чейинки балдар мекемелерин каржылоо жөнүндө”

Ырыс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга киреше, чыгаша булактарынын аткарылышы боюнча айылдык Кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Курбаналиевтин жана 2014-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановтун билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Ырыс айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылында жаңы «Ромашка» балдар бакчасына эки тайпа ачууга уруксат берилсин жана жаңы ачылуучу балдар бакчаларын уюштуруу иштерине жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражаты ажыратылсын. Жаңы ачылган тайпалардын кызматкерлеринин эмгек акысын категориалдык грантка кошуу жагы Сузак районунун каржы бөлүмүнөн жана райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

2. КРӨнүн 15-январь 2008-жылдагы № 7-токтомуна ылайык «Наристе», «Красная Шапочка», «Жоогазын» жана «Ромашка» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга ар бирине 18 сомдон күнүнө тамак ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылсын, каражаттардын өз учурунда жана максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик, айыл өкмөтүнүн башчысына, КЭБ башчысына, балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн. Көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Айыл өкмөтүнөн жыйналган атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтуп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% тийиштуу баскычтагы бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин. Мектептин учурдагы ремонту жана окуу китептерин ижарага берүү үчүн ата-энелерден акы алуу жүргүзүлбөсүн. Көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ырыс айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмү боюнча ар бир мектеп, балдар бакчасы боюнча чыгымдалышы №1,2,3,4 тиркемелерине ылайык бекитилсин.

5. 2014-жылга айыл өкмөтүнүн муниципалдык объектилерине иштетилүүчү электр энергиясына болгон лимит №5-тиркемеге ылайык бекитилсин. Көзөмөлдөө курулуш, энергетика жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6. Ушул токтомдун финансылык пункттарын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

7. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ырыс айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Атакулов Т.М

 

 

  Ырыс айылдык Кенешинин

06.03.2014 -жылдагы X сессиясына тиркеме №2

 

Ырыс айыл окмотунун 2014-жылга карата чыгашаларынын расчеттору.

Билим берүү болуму (балдар бакчасы) 70911

 

 

 

 

мин сом

 

 

 

сумма

2111

Эмгек акы

 

 

 

Штаттык бирдиктин негизинде

 

 

2121

Социалдык фондко чыгымдар

 

 

2211

Кызматтык сапар чыгымы

 

 

 

 

 

 

2212

Коммуналдык толомдор

 

232,1

 

Электр энергиясы учун толоо

 

223,1

 

148740 квт жылына *1,50 сом

148740

223,1

 

суу учун толом

9

9

 

 

 

 

2214

Автоунаа чыгымы

 

20

22141900

бакчанын ар турдуу чыгымдары учун

 

20

 

 

 

 

22211100

имараттарды ондоо

 

155

2222

учурдагы ар турдуу башка чыгымдар

 

42,6

22221100

Жабдуулар жана материалдар сатып алууга

 

15

22221200

учурдагы ар турдуу чыгымдар (мел, тряпка жана башка чарба товарлары)

 

27,6

2215

башка тейлоо кызматын алуу

 

220

22152100

СЭС тейлоосуно

 

20

 

майрамдар

 

 

22154900

 

балдардын куну

8

22154900

 

эгемендуулук куну

8

22154900

 

мугалимдердин майрамына

4

22154900

ар турдуу банер жана башкалар

 

12

22154900

балдар бакчаларынын ар турдуу чыгымдарына

 

98

22154900

БУУнун Онуктуруу Долбоорунун проектин колдоо

 

 

22154900

"Ромашка" балдар бакчасын ишке тушуруу

 

50

22154900

техникалык шарттар жана электр козомолдон откоруу

 

20

 

 

 

 

22171100

медикаменттерди сатып алуу

 

 

2218

Тамак-аш

 

1587,0

 

атайын каражат эсебинен

 

2056,8

3111

Имараттар жана курулуштар

 

 

3112

инвентарь жана жабдуу сатып алуу

 

105

 

"Рамашка" балдар бакчасын ишке тушуруу

 

75

 

"Жоогазын" балдар бакчасына

30

 

атайын каражат эсебинен БУУнун Онуктуруу Долбоору

 

98

 

БАРДЫК ЖБ

 

2381,7

БАРДЫК Атайын каражат

 

2154,8

ЖАЛПЫСЫ

4536,5