Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин X сессиясы
2014-жылдын 6-марты № 10/7
“Айылдык кеңештин аймагындагы КБФ жерлери, айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз болгон жерлер, мамлекеттик суу фондунун жерлерин жана муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү пайдаланууну ирээтке келтируу жана ижаралык төлөмдөрүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамын, Жер кодексинин 8-беренесин жетекчиликке алып, КРӨнүн 08.02.2004-жылдагы №57, 22.06.2007-жылдагы №243-токтомдоруна негизденип айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн жандандыруу,жергиликтүү бюджетти толуктоо жана кеңейтүү максатында кошумча киреше булактарын табуу максатында жерлерди пайдаланууну ирээтке келтирүү жана ижаралык төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү боюнча туруктуу комиссиясы менен айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан берилген сунушту айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусунун жана сунуштарынын негизинде Ырыс айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин айыл жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте айылдык кеңештин административдик аймагындагы бардык жерлерден өндүрүлүүчү төлөмдөрдүн (салык, ижара акы, социалдык фонд төлөмдөрү жана башка ушул сыяктуу. ) өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин. (сунуш тиркелет 2 баракта).
2. Жарандарга ижарага бөлүнүп берилген КБФ жерлеринен төлөнө турган ижаралык төлөмдөрдун бардык түрлөрүн өз учурунда мыйзамга ылайык өндүрүүнү, жерди максатка ылайык пайдаланууну, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүнү көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ырыс айылдык кеңешинин айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |