Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин X сессиясы
2014-жылдын 26-майы № 12/1
“Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ырыс ичүүчү таза суу
керектөөчүлөрдүн бирикмеси жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Ырыс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Ырыс ичүүчү таза суу керектөөчүлөрдүн бирикмесинин» аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылып, ар бир туруктуу комиссиядан 1 ден депутат жана айыл өкмөтүнүн адистеринен кошулган комиссия түзүлсүн. 2014-жылдын 10-июнуна тарифтер бекитилсин жана бирикмеге иштерин калыбына келтирүү үчүн 1(бир) айлык мөөнөт берилсин.
Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |