Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 26-майы № 12/2
“Ырыс айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги маданият үйүнө музыкалык аппарат жана башка ушул сыяктуу жабдууларды сатып алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Боташевдин кайрылуусун эске алып , депутаттар талкуулап Ырыс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө өтүүчү майрам жана башка иш чараларды өткөрүү учун маданият үйүнө музыкалык аппарат жана башка ушул сыяктуу жабдууларды алуу учун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 80,0 (сексен) миң сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |