Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 26-майы № 12/3
“Ырыс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен
Баткен согушунун ардагерлерине акча каражатын ажыратуу
жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Баткен согушунун ардагерлеринин кайрылуусун бюджет финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Ырыс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен согушунун ардагерлерине айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 30,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү болум жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |