Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 26-майы № 12/4
“Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сасык—Булак
айылынан кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен көп
жылга ижарага жер тилкесин берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Дөмөр айылынын тургуну Т.Халиловдун жазган кайрылуусун айыл кеңешинин айыл жана суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын токтом долбооруна таянып депутаттар талкуулап, Ырыс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаран Т.Халиловко Сасык-Булак айылындагы №44-контурдан 0,75 га пайдаланылбай жаткан айыл чарба жерлерин өздөштүрүп-калыбына келтирип, бак-дарак отургузуу учун келишимдин негизинде 10 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |