Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 26-майы № 12/6
“Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок көчөлөргө
наам ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Дөмөр, Масадан, айылдарынын тургундарынын кайрылуусун, айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап Ырыс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы аты жок көчөлөргө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун токтомунун негизинде татыктуу инсандардын наамы ыйгарылсын:
А) Дөмөр айылындагы жаны чектердеги көчөгө Сулайманов Мамыттын аты ыйгарылсын.
Б) Масадан айылындагы жаны чектердеги көчөгө Абжалилов Тыналынын аты ыйгарылсын.
В) Домор айылынын Тейит кыштагындагы кочого Сапаров Оморалинин аты ыйгарылсын.
Г) Масадан айылындагы саунанын арт жагындагы локаторго кеткен көчөгө Тажикулов Ибайдилланын аты ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3 Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |