Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 30-августу № 13/2
“Айыл аймактарынын арасында достук
мамилелерин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын, Ырыс айыл Кеңешинин иш-планынын жана Ырыс айыл өкмөтүнүн 08.08.2014-жылдагы «Иш сапарына жөнөтүү жана акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү» № 212-буйругунун негизинде, Ысык-Көл областынын Бостери айыл аймагына болгон иш сапарын депутаттар Ырыс айыл Кеңешинин 30.08.2014-жылдагы XIII сессиясында талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын президентинин 28.01.2012-жылдагы Жарлыгын ишке ашыруунун, айыл аймактардын арасында туризм, спорт, маданият, элдердин ынтымагын чындоо масатында Жалал-Абад областынын, Сузак районунун, Ырыс айыл аймагы, Ырыс айыл Кеңеши жана Өкмөтү, Ысык-Көл областынын Бостери айыл Кеңеши жана Бостери айыл Өкмөтүнүн ортосунда расмий достук мамилелери түзүлсүн.
2. Достук мамилелерин түзүү боюнча 10 (он) жумушчу күндүн ичинде иш-планын иштеп чыгып, иш-чараларды уюштуруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун ишке ашырылуусунда иш-чараларды финансылык жактан колдоо жагы Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Имановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соцалдык маселелер жана жаштар менен иштөө комиссиясынын төрайымы А.Толеновага милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |