Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 30-августу № 13/4
“Жер тилкелерин муниципалдык
менчикке бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып, 30.08.2014-жылдагы ХIII сессиясында депутаттар талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 катынын негизинде, айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:
__Ладан-Кара айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун күн батыш тарабында жайгашкан аялдаманын түштүк чыгыш тарабында калктуу конуштар эсебиндеги 60м2 жер аянты.
__Ладан-Кара айылында жайгашкан Жалал-Абад шаары менен чектеш,сел арыктын түштүк тарабында жайгашкан калктуу конуш эсебиндеги 360м2 жер аянты.
__Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак участкасында мурда бузулуп кеткен чабан үйүнүн орду,курулуш эсебиндеги 0.30га жер аянты.
__Күмүш-Азиз айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун боюнда жайгашкан «Эл үчүн» автомунайзат куюучу жайдын күн батыш тарабында калтуу конуш эсебиндеги 120м2 жер аянты.
__Күмүш-Азиз айылындагы Бишкек-Ош автожолунун жээгинде калктуу конуштар эсебиндеги 400м2жер аянты.
__Ырыс айыл өкмөтүнүн Дөмөр айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун түштүк чыгыш тарабындагы калктуу конуштар эсебиндеги 0,009га жер аянты.
__Ырыс айыл өкмөтүнүн Чымчык-Жар участкасында Жалал-Абад –Карамарт автожолунун боюнда айыл чарбасында жараксыз 90м2 жер аянты .
__Ладан-Кара айылындагы Б.Алыкулов көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы калктуу конуштар эсебиндеги 240м2 жер аянты.
__Ладан-Кара айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун күн батыш тарабындагы Х.Камчиев көчөсүнүн башталышында жалпы пайдалануудагы жер эсебиндеги 56м2 жер аянты.
__Ладан-Кара айылынын Жалал-Абад шаары менен чектеш , сел арыктын түштүк тарабында,Жаштык көчөсүнүн башталышында калктуу конуштар эсебиндеги180м2 жер аянты.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |