Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 30-августу № 13/5
“Кыр-Жол айылынын тургундарынын чөп орок катары пайдаланып келген
жайыт жерлеринин ижара акысын ижара эсебинен чыгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын, Кыр-Жол айылынын тургундарынын арызынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын актысын эске алып, Ырыс айыл Кеңешинин 30.08.2014-жылдагы XIII сессиясында депутаттар талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыр-Жол айылынын тургундары чөп орок атары пайдаланып келген 92.0 га жайыт аянтынын ижара акысы ижарачылардын эсебинен чыгарылсын.
2. Токтомдун ишке ашырылуусунда ижара акыларын жөнгө салуу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Узденовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |