Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 30-августу № 13/7
“Жер тилкелерин муниципалдык
менчикке бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы № 01-11/1440 сандуу катынын, «Дос и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун эске алып, Ырыс айыл Кеңешинин айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын негизинде,төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун түндүк чыгыш тарабында калктуу конуш жер эсебиндеги 2.0м2 жер аянты.
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун түндүк чыгыш тарабында жайгашкан «Газпром» автомунайзат куюучу жайынын батыш тарабындагы калктуу конуш жер эсебиндеги 2,25м2 жер аянты.
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун Б.Алыкулов көчөсүнүн жана Ш.Салиев көчөсүнүн батыш тарабында, калктуу конуш эсебиндеги 2,0м2 жер аянты.
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун боюнда жайгашкан калктуу конуш жер эсебиндеги 2,25м2 жер аянты.
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун боюнда ААК «Дустлик» ишканасынын маңдайында калктуу конуш эсебиндеги 2,0м2 жер аянты.
-Сузак-Жалал-Абад автожолунун боюнда жаңы курулуп жаткан автомунайзат куюучу жайынын күн чыгыш тарабында калктуу конуш жер эсебиндеги 2,25м2 жер аянты.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |