Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 4-ноябры № 14/4
“Ырыс айыл аймагындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде Ырыс айыл Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбооруна таянып жана Ырыс айыл аймагынын Дөмөр айылынын тургундарынын кайрылуусун эске алып, депутаттар талкуулап Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөмөр айылындагы М.Жунусалиев көчөсүнүн күн батыш жагындагы, жаңы чектердеги Нишанов көчөсү менен кесилишкен аты жок көчөгө эмгектин ардагери, Ленин колхозунун жетишкендиктерине саанчы катары чоң салымын кошкон Төрөева Азизпашанын аты ыйгарылсын.
2. Аты ыйгарылган көчөнүн тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү жана көчөнүн атын жазуу, номерлөө туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы Дөмөр айылынын башчысы Э.Жусупбаевке, тийиштүү бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А. милдеттендирилсин.
4 Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |