Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 2
“Семеновка айыл өкмөтүн Кожояр айыл өкмөтү, Семеновка айылын Садыр Аке айылы деген аталышка өзгөртүп аттоо жөнүндө”
ХХV чакырылышындагы Семенов айылдык Кеңешинин 2011- жылынын 17-февралындагы 19-сессиясынын чечимине , Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2014 -жылынын жалган куран айынын 19 дагы № 33 токтомуна ылайык, 2014 – жылдын 11–мартындагы жалпы элдик жыйындын чечиминин негизинде жана 2008-жылдын 25-апрели №65 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу Мыйзамынын 11-беренесине ылайык,
Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А .Т. Турдакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап ,
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл өкмөтүн Кожояр айыл өкмөтү , ал эми Семеновка айылы Садыр Аке айылы деген аталышка өзгөртүү жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүүгө кеткен чыгым, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышы Семенов айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновго милдеттендирилсин.
4. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасы Т. Бугубаевге жүктөлсүн .
Семенов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Бугубаев |