Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык Кеңешинин XI-сессиясы

 

2014-жылдын 7-октябры № 11/1

“Көк-Жаңгак шаарынын 2014 жылдын

бюджетинин 9 айынын аткарылышы жөнүндө”

 

Көк-Жаңгак шаардык кенешинин депутаттары 2014-жылдын 9 айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча  шаардын мэри Ж.Юсуповдун жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын каржы бөлүмүнун  башчысы Ж.Эргашовдун  отчетторун  угуп, талкуулап Кок-Жаңгак шаардык кенешинин ХI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2014 жылдын 9 айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча шаардын мэри Ж.Юсуповдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2.2014-жылдын 9 айынын шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча Көк-Жаңгак шаардык каржы бөлүмүнун башчысы  Ж.Эргашевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.

3.2014-жылы каржы министрлигинен жетишпей калган акча каражатын өндүрүү  жана толугу менен түшүрүү жагы  шаардын мэри   Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнун жетекчиси Ж.Эргашевго милдеттендирилсин.

4.Шаардын бюджетине транспорт салыгы, там арка салыгы, «Барчын» балдар эс алуу борборунан түшө турган ижара акысы, муниципалдык менчиктен түшкон ижара акысы, Мегаком  жана Билайн компаниялардан түшкөн ижара акысы кошумча акча каражатын түшүрүү жана аткаруу жагы шаардын мэрии Ж.Юсуповго жана салык боюнча башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

6.Ушул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.М.Исмаилов