Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-ноябры № 12/2
“Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын 28.10.2014-жылдагы протоколунун негизинде бюджеттик мекеме ишканаларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселер боюнча туруктуу комиссиясынын 28.10.2014 жылдагы жыйынынын чечиминин негизинде 2014- жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен пландан сырткары кошумча салык жана салык эмес жыйындардан ашыкча түшкөн акча каражатын бюджеттик мекеме ишканаларга бөлүп берүү жөнүндө карап, талкуулап Кок-Жаңгак шаардык кенешинин кезексиз ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын №3 «Байчечекей» балдар бакчасынын сыртына ажааткана курулуп жаткандагына байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100,0 (Жуз мин) сом акча каражаты берилсин.
2. Тамак ашка төлөнгөн ата-энелер төлөмүнүн көбөйүүсүнүн натыйжасында түшкөн кошумча 180,0 мин сом акча каражаты шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын төлөмдөрүнүн кошумча планына киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашовго милдеттендирилсин жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кенештин бюджет, финансы жана салык масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.М.Исмаилов
|