Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кенешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 2
“Жалал-Абад шаарынын өнөр жай зонасында жайгашкан жер тилкелерин турак-жай зонасына өзгөртүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундуларынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасынын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан № 180а кварталында орун алган Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнө караштуу жалпы аянты 1,5 га жер тилкесин П-1 өндүрүш зонасынан Ж-1А жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарындагы Домостроительная көчөсүндө жайгашкан № 185 кварталында орун алган жалпы аянты 4,18 га жер тилкесин П-1 өндүрүш зонасынан Ж-2 жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарындагы Московская көчөсүндө жайгашкан № 96 кварталында орун алган жалпы аянты 6387,0 чарчы метр жер тилкесин П-1 өндүрүш зонасынан Ж-1 Б жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасынын промзонасында жайгашкан № 184 кварталында орун алган жалпы аянты 2,3 га жер тилкесин К-1 коммуналдык зонасынан Ж-2 жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө № 26 кварталында орун алган жалпы аянты 1422,0 м2 жер тилкесин Р-1 парк зонасынан К-1 коммуналдык зонасына өзгөртүлсүн.
Токтомдун аткарылышын Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.
Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтомы массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |