Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кенешинин XVIII-сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 4
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мекемелерине жетекчилерди дайындоого макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык, жаңы дайындалган шаардагы кызматтардын жетекчилердин баяндамаларын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султанкулов Алмаз Турсункуловичти Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Жумабаев Раманкул Токтосуновичди Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
3. Касымов Талантбек Идрисовичти Жалал-Абад шаардык Борукердик Борборунун директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (С.Авазов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |