Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кенешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 5
“Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Нак Сүт мал чарбачылыгы жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешинин V-чакырылышынын XVIII-сессиясынын №11-токтомунун негизинде аталган аймактык башкармалыкка мал чарбасын түзүү үчүн ссуда катары 2600,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ушул мезгилге чейин ссудалык келишимдин шарттары аткарылбай келгендигин эске алып, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кеңейтилген жыйынынын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы 62 баш малдын ичинен жараксыз (брак) деп табылган 12 баш мал, оорукчан 1 баш малды тез аранын ичинде сатуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Т.Тайгараев АБгынын жана депутаттардан турган жумушчу комиссияга жана сатылган малдын эсебинен 2014-жылдын аягына чейин 1000,0 миң сом ссуда акча каражатын төлөө жагы Т.Тайгараев атындагы АБна (Т.Эгембердиев) милдеттендирилсин.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы багылып жаткан 11 баш буканы семиргенине жараша сатып, ссуданы кайтаруу жагы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтулгөн жумушчу комиссияга милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин V-чакырылышынын XVIII-сессиясынын №11-токтомунун негизинде аталган аймактык башкармалыкка мал чарбасын түзүү үчүн ссуда катары бөлүнүп берилген 2600,0 миң сом акча каражатынын калган 1600,0 миң сомун 2015-2016-жылдар аралыгында толугу менен төлөп берүү жагы Т.Тайгараев атындагы АБна (Т.Эгембердиев) милдеттендирилсин.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү токтотулсун.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы калган малдардын сакталышын камсыздоо жагын жана багып-кароосун өзүн-өзү каржылоо принцибине өткөрүү жагы Т.Тайгараев атындагы АБнын башчысына (Т.Эгембердиев) милдеттендирилсин.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы калган малдардын арасынан ооруп калган жана өзүн өзү каржылоо үчүн керек болгон малдарды жумушчу комиссиясынын чечими менен сатууга уруксат берилсин.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы малдарды багуу үчүн аймактык башкармалыктын балансындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 15,0 гектар жер аянтын ижара акысынан бошотулсун.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кеңейтилген жыйынынын кароосуна жүктөлсүн.
Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |