Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 6
“Жалал-Абад шаарындагы Курманбек кичи районундагы жаңы курулган бала бакчаны шаардык билим берүү бөлүмүнө, Тайгараев АБдагы асфальт-бетон заводун шаардык жолдор башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 03.10.2014-жылдагы чыг.№ 2-1/1494 жана 03.10.2014- жылдагы чыг.№ 3-2/1495 сандуу каттардын жана шаардык кеңештин 09.10.2014-жылдагы кеңейтилген отурумунда каралып чыгып, комиссиялардын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районундагы жаңы курулган балдар бакчасын Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
Тайгараев АБдагы асфальт-бетон заводун Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
Жалал-Абад шаардык муниципиалдык менчикти башкаруу комитеттинин төрагасы (Б.Джусупбеков) муниципалдык баланста турган Курманбек кичи районундагы жаңы курулган балдар бакчасын Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө жана Т.Тайгараев АБдагы асфальт-бетон заводун Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) жана Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчисине (А.Султанкулов) жогорудагы объектилерди оперативдүү башкарууга жана объектилердин сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасына (Н. Казакбаев) милдеттендирилсин.
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |