Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 7
“Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине озгөртүү киргизүү жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-жылдын жергиликтүү бюджетинде каралган каражаттарды өндүрүштүк муктаждакка байланыштуу өзгөртүү жагы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Муниципалдык менчикти башкаруу комитетине эмгек акы фондунун үнөмдүү пайдалануусунун эсебинен кошумча 1 штат бирдигин (башкы адис) кармоо жагы бекитилсин.
Шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү максатында шайлоочулардын кайрылууларын аткарууга бөлүнгөн 3100,0 миң сом, шаардын тургундарынын кайрылуусунун негизиндеги шаардык кеңештин төрагасынын каты аркылуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругу менен каржылануусу бекитилсин.
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 6595,9 миң сом ашыкча түшкөндүгү белгиленсин жана №1-тиркемеге ылайык каржылануу жагы бекитилсин.
Керек жарак жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги жыл башында калган 229,8 миң сом калдыктын эсебинен борбордук базарга суу кетүүчү куур (лоток) орноштурууга бекитилсин.
Маданият техникумуна атайын эсебине кошумча түшкөн 40,0 миң сом акча каражат маданият техникумунун жатакананын ремонтуна иштетүүгө жумшалсын.
Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына атайын эсебиндеги акча каражатын сметасына ылайык каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыгына караштуу №8-орто мектебинин чатырын алмаштыруу жана ажаатканасынын курулушунун сметаларын эсептеп, шаардык кеңешке берүү жагы башкармалыктын жетекчисине (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык кеңештин балансында турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны Жалал-Абад шаардык Жашылдандыруу чарбасынын балансына өткөрүп берүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынны балансында турган Мерседес-Бенц үлгүсундөгү автоунаасын Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин сметасында жер үстүнөн өтүүчү көпүрө курууга каралган акча каражаттын эсебинен өткөргөн тендерден үнөмдөлгөн 930,0 миң сом акча каражатынан 820,830 миң сом акча каражатын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине долбоордо каралган калган жумуштарын аткарууга бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |