Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-июлу №417 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 3-мартындагы № 147 буйругуна төмөнкүдөй езгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: 1. 1-пунктта: - экинчи абзац "сатуу боюнча" деген сөздөрдөн мурда"банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын,"; - бүткүл текст боюнча "Кристалл" акционердик коомунунакцияларынын мамлекеттик пакети" деген сөздөр "жалпысынанмүлктүк комплекс катары "Кристалл" акционердик коому(ишканасы) деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. "Марка-Аудит" аудитордук-консалтинг фирмасынын 2003-жылдын 20-апрелиндеги аныктамасына ылайык жалпысынан мүлктүккомплекс катары "Кристалл" акционердик коомун (ишканасын)баалоо наркы 176 143 000 (жүз жетимиш алты миллион жүз кыркүч мињ) сом өлчөмүндө бекитилсин". 3. Буйруккатиркеменин 1-пункту төмөнкүдөй редакциядаберилсин: "1. Жалпысынан мүлктүк комплекс катары "Кристалл"акционердик коомунун (ишканасынын) старттык баасы 5,0 млн.АКШ доллары өлчөмүндө белгиленет". 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалыкөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов