Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 9
“Жалал-Абад шаарынын аты жок көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Усеновдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шааарыныны аты жок көчөлөрүнүн бирине Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун ысымы ыйгарылсын.
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан 9 га участкасынын 3-көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Маткурбан Жусубалиевдин ысымы ыйгарылсын.
Жалал-Абад шаарынын аты жок көчөлөрүнүн бирине Кыргыз эл жазуучусу, поэт, котормочу Шабданбай Абдрамановдун ысмы ыйгарылсын.
Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө шаардагы аты жок көчөлөрдүн тизмесин тактап берүү жагы милдеттендирилсин.
Ысм ыйгарылган жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усеновго) жүктөлсүн.
Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |