Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 224
“Шаар калкынын маданияттуу эс алуусун камсыздоо боюнча
Ош шаардык парктар башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана Ош шаардык парктар башкармалыгынын башчысы А.Муратовдун шаар калкынын маданияттуу эс алуусун камсыздоо боюнча Ош шаардык парктар башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана Ош шаардык парктар башкармалыгынын башчысы А.Муратовдун шаар калкынын маданияттуу эс алуусун камсыздоо боюнча Ош шаардык парктар башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаардык парктар башкармалыгында (А.Муратов) Токтогул атындагы паркты өнүктүрүү, дем алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча арбын иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3.Ош шаардык парктар башкармалыгына (А.Муратов) парктардын санитардык абалын жакшыртуу, куураган дарактар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын уруксаты менен санитардык кыюу иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
4.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) муниципалдык менчикте турган парктардын, скверлердин, бульварлардын эсебин тактоо жана алардын абалына, алар ижарага берилген учурларда, ижарачы тарабынан парктарды, скверлерди жана бульварларды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча милдеттерин аткарууга такай көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилсин.
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (А.Акпаралиев) мыйзамдарда каралган тартипте шаардын парктарындагы, скверлериндеги, бульварлардагы куураган дарактарды кыюуга уруксат берүү боюнча кайрылууларды өз убагында карап, уруксатсыз дарак кыйган фактылар боюнча тийиштүү жактарга мыйзам чегинде чараларды көрүү сунушталсын.
6.Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) шаардагы парктарды, скверлерди, аллеяны жана бульварларды шаардык парктар башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу;
- муниципалдык менчиктеги мүлктүн бүтүндүгүн жана туура пайдаланышын камсыз кылуу боюнча шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ишине көзөмөлдү күчөтүү;
- «Черемушки» жана И.Раззаков атындагы скверлерде отургучтарды оңдоо, орнотуу, кечки жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, калктын маданий эс алуусуна тиешелүү шарттарды түзүү иштерин 2015-жылда аткарыла турган иштердин титулдук тизмесине киргизүү;
- И.Раззаков атындагы сквердин тегерегиндеги тосмону алып, куураган дарактарды кыйып, мыйзам чегинде сквердин аймагын толук бойдон муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
7.Токтомдун аткарылышынын жүрүшү боюнча, аткаруучулар тарабынан Ош шаардык Кеңешине ар бир жарым жылдыкта маалымат берилип турсун.
8.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |