Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 225
“Ош шаарынын аймагында күз-кыш мезгилинде электр жана
жылуулук энергияларынын берилүүсү боюнча маалыматты угуу”
Ош шаарынын аймагында 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилинде электр жана жылуулук энергияларынын берилүү тартиби боюнча Ош шаарынын вице-мэри К.Абдырахман уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 17-ноябрындагы отурумунун № 6-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын аймагында 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилинде электр жана жылуулук энергияларынын берилүүсү боюнча Ош шаарынын вице-мэри К.Абдырахман уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги ХХ сессиясынын №197- «Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө» токтомунун аткарылуусун такай көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |