Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 226
“Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн
бүгүнкү күндөгү курулуш иштеринин абалы жөнүндөгү
маалыматты угуу”
Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн бүгүнкү күндөгү курулуш иштеринин абалы жөнүндөгү Ош шаарынын вице-мэри Ж.Ормоновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн бүгүнкү күндөгү курулуш иштеринин абалы жөнүндөгү Ош шаарынын вице-мэри Ж.Ормоновдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) А.Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзам чегинде сарамжалдуу пайдалануу, курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүү жана белгиленген убакытка аяктоосун камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |